АПРАКСИН
АПРАКСИЯ (гр. apraxia – аракетсиздик) – адамдын жогорку нерв ишинин бузулушу. Анда мээ кыртышынын ар кайсы бөлүгү жабыркап, максаттуу кыймыл-аракет бузулат. Ал мээнин төбө, маңдай бөлүгүнүн сезгенүүсүнөн, шишигинен, кан тамырларынын жабыркашынан же түрдүү кырсыктардан болот. Оорулуу суроолорго туура жооп берет, бирок түрдүү көнүмүш аракеттерди (мис., ширеңке чакканды, топчулоону ж. б.) жасай албайт. Апраксин кинетикалык к и н е с т е т и к а л ы к жана конструкциялык болуп бөлүнөт. К и н е т и к а л ы к Апраксин мээнин маңдай бөлүгүнүн арткы жагы жабыркагандай болуп, кыймылдын ырааттуулугу бузулат. Натыйжада кыймыл токтоп же максатка жетүү үчүн ошол эле кыймылды кайталоого туура келет. Мээнин төбө бөлүгүнүн жогорку жагы жабыркаганда к и н е с т е т и к а л ы к Апраксин болуп, оорулуу өзү ойлогон кыймыл-аракетти жасай албайт. К о н с т р у к ц и я л ы к Апраксин төбө мээсинин төмөнкү бөлүгү жабыркаганда байкалат. Дарылоону нейропсихолог жүргүзөт.