АППЛИКАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:17, 18 Июль (Теке) 2025 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АППЛИКАЦИЯ (латынча applicatio – чаптоо) – кездемеге же кагазга түрдүү түстөгү кесинди чүпүрөктөрдү чаптоо же тигүү аркылуу түшүрүлгөн көркөм сүрөт;

ушундай жол менен тартылган сүрөт сайма. Аппликация кийим жана башка буюмдарды кооздоо үчүн да колдонулуп келген, көп элдерде азыр да кезигет. Мектепте негизинен башталгыч класстарда эне тили, орус тили, математика жана сүрөт сабактарында, жогорку класстарда тарых жана география сабактарында өтүлүүчү айрым окуу материалдарынын мазмунун конкреттештирүү максатында пайдаланылат. Көрсөтмө курал катары мектепте колдонулуучу аппликациялар адатта колдо жасалат.