АППЛИКАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:42, 24 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АППЛИКАЦИЯ (лат. applicatio – чаптоо) – кездемеге же кагазга түрдүү түстөгү кесинди чүпүрөктөрдү чаптоо же тигүү аркылуу түшүрүлгөн көркөм сүрөт;

ушундай жол м-н тартылган сүрөт сайма. Аппликация кийим ж. б. буюмдарды кооздоо үчүн да колдонулуп келген, көп элдерде азыр да кезигет. Мектепте негизинен башталгыч класстарда эне тили, орус тили, математика ж-а сүрөт сабактарында, жогорку класстарда тарых ж-а география сабактарында өтүлүүчү айрым окуу материалдарынын мазмунун конкреттештирүү максатында пайдаланылат. Көрсөтмө курал катары мектепте колдонулуучу аппликациялар адатта колдо жасалат.