АПОФИЗА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:16, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(гр. apophysis – бутак) – жанаша

жаткан тоотектердин арасына магмалык тулкудан бутакча болуп тараган ичке тарамдар. Магмалык тулку м-н А-нын байланышы түздөнтүз байкалып, курамы б-ча ага тектеш келет, бирок ал майда кристалдуу же порфирлүү структуралык түзүлүштөрү м-н айырмаланат. Негиз­ги кенташ тарамдарынан тараган майда тарамчалар да кээде А. деп аталат.