АПОСТРОФ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:51, 4 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПОСТРОФ (гр. apostrophоs – бир жагына же артына багытталган) – 1) кээ бир чет тилдеринде энчилүү аттардын жазылышында (мисалы, Д'Обиньи, О'Коннор); 2) жазууда түшүрүп коюуга боло турган тамгалардын ордуна (мисалы, объект – об'ект); 3) редукцияланып таптакыр түшүп калган үндүү тыбышты транскрипциялоо үчүн колдонулуучу үтүр сыяктуу белги.