АПОСТРОФ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:46, 12 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПОСТРОФ (гр. apostrophes – бир жагына же артына багытталган) – 1) кээ бир чет тилдеринде энчилүү аттардын жазылышында (мисалы, Д'Обиньи, О'Коннор); 2) жазууда түшүрүп коюуга боло турган тамгалардын ордуна (мисалы, объект – об'ект); 3) редукцияланып таптакыр түшүп калган үндүү тыбышты транскрипциялоо үчүн колдонулуучу үтүр сыяктуу белги.