АПОСТОЛДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:47, 4 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПОСТОЛДОР (гр. apostolos – элчи) – алгачкы христиан адабиятында христиан дининин үгүттөөчүлөрү; «Жаңы осуят» боюнча 12 Апостол Иисус Христостун эң жакын жолдоочулары (окуучулары).«Жаңы осуятта» көпчүлүк учурларда Иисус Христостун 12 окуучусу жана апостол Павелдин ысмы аталат. Павелдин дин илиминде жана Евангелияда Апостолдордун кызматынын маани-маңызы берилген. Анда апостол – Кудайдын Иисус Христос аркылуу жиберилген өкүлү. Апостолдук кызмат биринчи кезекте үгүт жүргүзүү, сыйынуу ырым-жырымдарын аткаруу. Еврей элинин 12 муунун негиздөөчү Иаковдун уулдары сымал Апостолдор чиркөөнүн башында туруп, ал эми чиркөө жаңы эсхатологиялык Израилдин борбору болушу керек,-деп белгиленген. Апостолдор Евангелия жана башка. дин адабияттарында Петрдан башталып, Филипп жана Иаков Ал­феев, Андрей, Иаков Зеведеев жана анын бир тууганы Иоанн, Варфоломей, Фома, Матфей жана башка. аталат. Биздин заманга чейин 2-кылымда Евангелияны үгүттөп, жер кезип жүргөндөр да жалпысынан Апостолдор деп аталган. Чиркөөдө дин үгүтүн жүргүзүп, кызмат кылгандар учурда да Апостолдорго тең катар айтылат. Мисалы, Грузиянын агартуучусу Нина, улуу князь Вла­димир, ыйык Николай Японский жана башка.