АПОРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:05, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПОРИЯ (гр. aporia – аргасыз абал) – байыркы грек философиясында кыйын же чечилбес маселени билдирген түшүнүк. Апория нерседе же ал жөнүндө түшүнүктө каршылык барын аныктоодон келип чыгат. 1-жолу Апорияга Платон философиялык маани берген. Ал Афорияны чечилиши кыйын маселелерди тактоодо колдонгон. Апориянын так аныктамасы Аристотелге таандык. Ал карама-каршы ой корутундуларынын тепетеңдигин Апория деп атаган. Зенон Элейский бул терминди колдонгон эмес. Бирок анын кыймылдын болушу мүмкүн эмес деген далилдемелерине ылайык, Апория – чечилбеген кыйын маселе. Предметтерди таанууну танган грек скептиктери Апорияны так ушул мааниде түшүнүшкөн. Апория – байыркы грек филосо­фиясында диалек тенденциялардын пайда болушунун бир түрү.