АПОЛОГЕТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:18, 12 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПОЛОГЕТИКА (гр. apologeticos – корголуучу) – христиандык окуунун негизги жоболорун ага каршы, диний философиядан коргоо жана актоо. Ал Кудайдын бар экендигин, жандын өлбөстүгүн түшүндүрүүгө аракеттенген окуу. Ошондой эле динге жана анын айрым догмаларына каршы багытталган көз караштарды талдоо. Апологеттер публицист, жазуучу, юрист жана чечендик өнөрдүн устаттары катары, грек философиясын христианчылыктын кызыкчылыктарына пайдаланууга аракет кылган алгачкы ойчулдардан болушкан.