АПЛОДИСМЕНТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:09, 18 Июль (Теке) 2025 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПЛОДИСМЕНТ (латынча applaudo – кол чабам) – колдоо көрсөтүү, сүрөөн, салам айтуу белгиси. Театрда – көрүүчүлөрдүн сахнада аткарылып жатканды колдоо катары кол чабуусу, ошондой эле акттын соңунда актёрлорду сахнага чакыруу. Байыркы Римде эле аплодисменттин ар кандай мааниси бар, иштетилген системасы болгон. Аплодисмент азыркыга чейин өз маанисин жогото элек.