АПЛИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:11, 4 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПЛИТ (гр. haploos – жөнөкөй) – тарамдар түрүндө кезигүүчү, ачык түстүү магмалык тоо тек. Аплит гранит менен тектеш, көбүнчө талаа шпатынан (65%) жанa кварцтан (30%) турат, слюда, күңүрт түстөгү минералдар курамында эң аз. Акцессор минералдарынан гранат, циркон, тур­малин, апатит, ортит кездешет. Структурасы өтө майда бүртүкчөлүү. Аплиттин айрым түрлөрү кера­мика өндүрүшүндө колдонулат.