АПИЙИМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:58, 12 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПИЙИМ (Papaver) - өсүмдүктөрдүн апийимдер тукумундагы бир жана көп жылдык сүттүү өсүмдүк. 100дөн ашык түрү белгилүү, КМШ өлкөлөрүндө ЗОдан ашык, Кыргызстанда 9дай түрү кездешет. Сабагы тик, бийиктиги 80-150 см, бутактанбайт, сыртынан бозомтук болуп турат. Тамыры жерге терең кирип өсөт. Канат

Файл:АПИЙИМ 14.png

сымал кесилген жалбырагы кезектешип жайгашкан. Айрымдары 1ден 20га чейин богок байлайт, чоң гүлү жалгыздан, ак, кызыл, көгүш. Мөмөсү- кутуча, уругу майда, анда 48–50% май, 20% белок, быша элек кутусун кескенде чыккан сүтүндө 20дан ашык алкалоид, анын ичинде мор­фин, кодеин ж. б. бар. Анын пайдаланышына жараша бардык сорттору эки топко – май жана дары-дармек алынуучу болуп бөлүнөт. Уругу кондитер өнөр жайында колдонулат. Анын ооруну басаңдатуучу дары алынуучу түрүн Кыргызстанда өстүрүүгө БУУнун конвенциясы 1961, 1971, 1988-жылдарда тыюу салган.