АПЕННИН ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:43, 27 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Begay (Begay moved page АПЕННЙН ЖАРЫМ АРАЛЫ to АПЕННИН ЖАРЫМ АРАЛЫ) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПЕННИН ЖАРЫМ АРАЛЫ Түш. Европада. Анда негизинен (аймагынын Vs1) Италия,о. эле Ватикан жана Сан-Марино мамлекеттери жайгашкан. Аянты 149 миң км2. Жер Ортолук деңизге 1100 км кирип, Тиррен, Иония, Лигу­рия жана Адрия деңиздери менен чулганат. Жээктеринде булуң-буйтка аз, түш. бөлүгүндө гана Калабрия, Салентина, Гаргано ж. а., Таранто булуңу ж. б. бар. А. ж. а-н дээрлик Апеннин тоолору (эң бийик жери 2914 м, Корно чокусу) ээлейт, түндүгүндө Падан түздүгүнүн бир бөлүгү, чыгыш жана батыш жээктеринде анча чоң эмес дөбөлүү түздүк тилкеси жайгашкан. Түш.-батышында жанар тоолор (Везувий, Флегрей талаасы ж. б.) бар. Климаты субтропиктик жер ор­толук деңиздик; жайы ысык, кышы мелүүн. Дарыялары (негизгилери – Тибр, Арно) кыска,жайында суусу өтө азаят. Жер Ортолук деңиз­дик бадал (маквис, гарига) жана токой өсөт. Түздүктөр менен тоо этектеринде маданий ланд­шафт басымдуу.