АПЕЛЬСИН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:44, 12 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan (Temirkan moved page АПЕЛЬСЙН to АПЕЛЬСИН) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПЕЛЬСИН (Citrus sinensis)– руталар тукумунун цитрус уруусундагы дайыма жашыл мөмө дарагы. Бийикиги 7-12 мге жетет. Жапайы түрү белгисиз. Мекени Индия жана Түштүк-Чыгыш Азия. Жалбырагы сүйрү, гүлү кош жыныстуу, ак, жьггтуу, жалгыздан же чачы топ гүлгө чогулган. Мөмөсү уруктуу, салмагы 300-600 г, өңү сары, жыттуу, таттуу же кычкыл, ширелүү. Курамында кант, лимон кислотасы, аскорбин кислотасы, А, В, Р витаминдери, кальций, калий, фосфор туздары бар. Мөмө кабыгында жана жалбырагында эфир майы болот. Ал 75 жылга чейин мөмө байлайт. Сортторунун 4 тобу белгилүү. Мөмөлөрүнүн түсү ар түрдүү. Көп сорттору 4 миң жылдан бери Бирманын чыгышы жана Кытайдын түштүк-батышында, тропик жана субтропикте, ал эми Европада (Кавказда, Крымдын Кара деңиз жээгинде) 15-кылымдан бери өстүрүлөт.

Файл:АПЕЛЬСЙН 13.png