АПЕЛЛЯЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:25, 3 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПЕЛЛЯЦИЯ (лат. apellatio – кайрылуу) – мыйзамдуу түрдө күчүнө кире элек сот чечимдерин кайра кароо жолу; апелляциялык инстан­ция соту аркылуу ишти кайра кароо жана чечүү. Апелляция Байыркы Римде император Юстиниандын (527–565) тушунда сот өндүрүшүнүн маанилүү элементи катары пайда болгон. Ошол мезгилде эле Апелляциялык даттануу жана аны кароо мөөнөтү белгиленген. Батыш Европада Апелляциянын өнүгүшү борборлоштурулган мамлекеттердин пайда болушу менен тыгыз байланыштуу. Анда Рим укугунун институттарынын рецепцияланышынын негизинде жарандык процесс калыптанган. Бара-бара Гер­мания жана Францияда Рим жана улуттук укуктарынын жуурулушу менен даттануу системасы толугу менен түзүлгөн. Бул системанын негизги шарты катары сот чечимдерин кароонун Апелляциялык тартиби эсептелип, Германиянын жарандык - процессуалдык кодексинде (1806; 1877), Франциянын кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинде бекемделген. Россиянын жарандык процессинде Апелляция 1917-жылга чейин аракетте болгон. Совет өлкөсүндө 1917-жылы 22-ноябрда жаңы элдик соттордун кадыр-баркын бекемдөөгө тескери таасирин тийгизет деген шылтоо менен жоюлган. 1992-жылы Арбитраждык процессуалдык кодекси аркылуу Апелляциялык институт кайрадан калыбына келтирилген, к. Апелляциялык даттануу. Ж. Арзыкулов