АПААТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:15, 26 Июнь (Кулжа) 2025 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АПААТ, а л а а м а т – адамзатты кырсыкка жана материалдык бүлгүнгө учуратуучу табият кубулуштары жанa кырсыктары. Аларга жер титирөө жана тоолордун атылышы, суу ташкыны, сел жүрүү, кургакчылык, бороон-чапкын, цунами, катуу шамалдар (торнадо, куюн) ж. б. кирет. Негизинен жер шарында болжолдуу 70ке жакын, ал эми Кыргызстанда 20дай табигый кырсыктар катталган. Апаат көбүнчө капысынан болуп, адамзатка жанa чарбага көп залал келтирет.