АОРСТОР
АОРСТОР (гр. Aorsoi) – сармат урууларынын союзу (к. Сарматтар). Аорстор жөнүндө Страбон, Птолемей, Плиний жанa Тациттин эмгектеринде маалыматтар бар. Арстор алгач Арал же Каспий деңиздеринин түндүгүндө жашаган. биздин заманга чейин 2-кылымда Каспий деңизи менен Дондун түндүк жээгиндеги талааларды ээлешип, андан Кавказга чейин барышкан. Аорстор жоокер, көчмөн эл болуп, негизинен малчылык менен кесиптенишкен жанa Закавказьенин, Боспор мамлекетинин жанa Орто Азиянын элдери менен соода жүргүзгөн. Биздин замандын 2-кылымында аландар башкарган сармат уруулар союзунун курамына кирген. Оренбург талаалары менен төмөнкү Волга боюнда биздин заманга чейин 4–2-кылымдардагы көрүстөндөр Аорсторго таандык делип жүрөт.