АНФИЛАДА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:01, 18 Июль (Теке) 2025 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНФИЛАДА (французча еnfilade – жипке тизүү) – коомдук имараттын, ак сарайдын, менчик үйдүн интерьеринде мейкиндик перспективасын түзгөн, бир түз сызыкта жайгашкан эшик кашектеринин, бөлмөлөрдүн бири-биринин аркасынан орун алган ырааттуу катары. Имараттын композициялык огу катары Анфилада принциби классицизм бароккосунун ак сарайлар архитектурасына өзгөчө мүнөздүү, бирок дүйнөлүк архитектурада кеңири колдонулат. Анфилада тибиндеги курулуш Кыргызстанда да бар.