АНУРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:02, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНУРИЯ (гр. ап – терс бөлүкчө жана uron – сийдик) – бөйрөктүн өтө начарлашынан заара бөлүнүп чыкпай, табарсыктын бош калышы. Анын пайда болушуна бөйрөктүн ар түрдүү ооруга чалдыгуусу, бала бөйрөксүз төрөлүп же кокусунан жалгыз бөйрөгүн алып таштоо, кан көп кетүү, бөйрөк кан тамырына, толтого кан уюп калуу, шок, узакка ич өтүү же тынымсыз кусуу, бөйрөк чөйчөкчөсүнө, же бөйрөк түтүкчөсүнө таш туруп калуу же заара жолдорунун шишиги себеп болот. Анда ооз кургап суусайт, кускусу келип, баш ооруйт, к. Уремия.