АНУРИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:15, 6 Июнь (Кулжа) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
(гр. ап – терс бөлүкчө ж-а uron – сийдик) – бөйрөктүн өтө начарлашынан заара

бөлүнүп чыкпай, табарсыктын бош калышы. Анын пайда болушуна бөйрөктүн ар түрдүү ооруга чалдыгуусу, бала бөйрөксүз төрөлүп же кокусунан жалгыз бөйрөгүн алып таштоо, кан көп кетүү, бөйрөк кан тамырына, толтого кан уюп калуу, шок, узакка ич өтүү же тынымсыз кусуу, бөйрөк чөйчөкчөсүнө, же бөйрөк түтүкчөсүнө таш туруп к алуу, же заара жолдорунун шишиги себеп болот. Анда ооз кургап суусайт, кускусу келип, баш ооруйт, к. Уремия.