АНТРОПОСОФИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:01, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТРОПОСОФИЯ (антропо... жана гр. sophia - акылмандык) – дүйнөнүн, адамдын руханий табияты («рух жөнүндөгү илим») жана аларга жетүүнүн ыктары тууралуу окуу. Немец философу Р. Штейнер тарабынан негизделген. 1913-жылы Антропософиялык коом түзүлүп, аны ушул идеялык агымдын негиздөөчү катары өзү жетектеген. 1996-жылы коомдун мүчөлөрү 53 миңге жеткен. Бул окуу адам рухунун, жан дүйнөсүнүн сезим кудуретинен тыш, башкача айтканда ашкере сезгичтик жактарын изилдөөгө алат. Адам өзүн космикалык жан (существо) катары таануу менен өзүндө өтө ашкере сезгичтик жөндөмдүүлүктү өнүктүрүү аркылуу аалам менен адамдагы жашыруун күчтөрдүн байланышын табууга жол ачат. Ал эми аларды таанып билүүгө алып барчу жол адамдын жан дүйнөсүнүн тереңинде жатат.

Г.Т.Ботоканова.