АНТРОПОНОЗДОР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:09, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТРОПОНОЗДОР (антропо'... жана гр. nosos - оору) – адамга гана таандык жугуштуу (инфекциялык) жана мите оорулар. Алардын козгогучтары эволюция процессинде адам организминде мителик кылууга ыңгайланган. Оору козгогучтарын (бактерия, вирустар, гельминттер ж. б.) өз организминде «ташып» (алып) жүргөн киши оору булагы болуп эсептелет. А-го ич келте, келте, холера, дизентерия, аскаридоз, полио­миелит (баланын шал оорусу), кептөөр, көк жөтөл, кызамык, кызылча, суу чечек, чечек, сакоо, кайталанма келте, безгек, чүчөк ж. б. кирет.