АНТРАЦЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТРАЦЕН, С14Н10 – конденсацияланган ароматтык углеводороддор. Түссүз кристалл, балкып эрүү t 216,6°С, кайноо t 351°С, органикалык эриткичтерде аз эрийт; эритмеси кызгылт көк. Техникада антрацен таш көмүр чайырынын 300-350°Сде кайноочу фракциясынан бөлүнүп алынат. Синтездик жол менен Фридель-Крафтс же Фиттинг реакциясынан, ошондой эле антрахинонду калыбына келтирүүдөн алы­нат. 1-жолу 1832-жылы таш көмүр чайырынан табылган. Антрацендин мезо-көмүртек атомдору реакцияга оңой кирет, анын кычкылданышынан антрахинон алынат.