АНТРАКНОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:00, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТРАКНОЗ (гр. antrax – көмүр ж-a nosos - илдет) – дарак, бадал жанa чөп өсүмдүктөрүнүн кебер илдети. Бул илдетке чалдыккан өсүмдүктү каратак басып, бүдүрлүү болот. Антракноз илдетине чал­дыккан үрөн, өсүмдүк калдыгы, топурак, суу курт-кумурска жанa шамал аркылуу таралат. Ал мелүүн климаттуу зонада кезигип, жаан-чачындуу жылы айрыкча көбөйөт. Жаңгак, чай жана цитрус өсүмдүктөрү көп чалдыгып, түшүм төмөндөйт. Ага каршы күрөшүүдө которуштуруп айдоону туура жүргүзүү, өсүмдүктүн таза сортторун эгүү; өсүмдүктүн илдеттүү бутагын жазында кыркып, өрттөө, жайкысын бордос суюктугун же аны алмаштыруучу дарыларды колдонуу керек.