АНТОНИНДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:01, 3 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТОНИНДЕР Рим императорлорунун династиясы (96–192); Антонин Пийдин ысымынан аталган. Антониндердин белгилүүлөрү: Нерва (96–98), Траян (98–117); Адриан (117–138), Антонин Пий (138–161), Марк Аврелий (161–180) жана Коммод (180–192). Антониндердин тушунда монархиялык бийлик биротоло чындалып, бюрократиялык аппарат түзүлгөн. Антониндердин башкарган убагы Рим империясынын гүлдөө учуру болгон. Бирок Адриандын тушунда кризистин белгилери пайда болуп, Марк Аврелий башкарган мезгилден тартып империянын кубаты начарлай баштаган.