АНТИПРОТОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:59, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТИПРОТОН ) – протондун туруктуу (стабилдүү) антибөлүкчөсү. Антипротон менен протондун массасы жана спини барабар, электр заряды жана магнит моментинин абсолюттук чондугу бирдей, бирок белгилери карама-каршы. Антипротондун электр заряды терс маанилүү. 1955-жылы О. Чемберлен, Э. Сегре ж. б. (АКШ) табышкан. Бариондордун сакталуу законуна ылайык антипротон менен протон бирге пайда болушат. Антипротон жуп бөлүкчөлөр эки бош протон кагылышканда пайда болот. Антипротон зат аркылуу өткөндө аннигиляцияланып, жаңы бөлүкчөлөрдү пайда кылат.