АНТИПРОТОН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:11, 15 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТИПРОТОН ) – протондун туруктуу (стабилдүү) антибөлүкчөсү. А. м-н протондун массасы ж-а спини барабар, электр заряды ж-а магнит моментинин абс. чондугу бирдей, бирок белгилери карама-каршы. А-нын электр заряды терс маанилүү. 1955-ж. О. Чемберлен, Э. Сегре ж. б. (АКШ) табышкан. Бариондордун сакталуу законуна ылайык А. м-н протон бирге пайда болушат. А. жуп бөлүкчөлөр эки бош протон кагылышканда пайда болот. А. зат аркылуу өткөндө аннигиляцияланып, жаңы бөлүкчөлөрдү пайда кылат.�.