АНТИМОНИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:41, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТИМОНИТ (латынча antimonium – сурьма), сурьма жылтырагы, стибнит – минерал. Сульфиддер классына кирет. Химиялык формуласы Sb2S3. Ромб сингониясында кристаллданат. Өңү боз металл сымал жалтырак. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2–2,5. Салыштырма салмагы 4,6. Кычкылдануу зонасында сурьма кычкылдарын жана кычкылтектүү бирикмелерди пайда кылат. Антимонит сурьманын негизги кенташы. Негизинен эритме

Файл:АНТИМОНЙТ 115.png

кошундуларды (подшипниктер үчүн баббиттерди) жасоодо кеңири колдонулат. Ошондой эле сурьма кошундусу резина өнөр жай, текстиль өндүрүшүндө, айнек иштеринде, медицинада жана башка пайдаланылат. Кыргызстандагы сурьма кендери: Кадамжай, Терек-Сай, Абшыр-Сай, Касан-Сай, Саба-Жарды жана башка. Кадамжай кенинен бөлүнүп алынган сурьма сапаты боюнча дүйнөлүк эталон катары эсептелинет.