АНТИГЕН-АНТИТЕЛО РЕАКЦИЯСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:43, 8 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТИГЕН-АНТИТЕЛО РЕАКЦИЯСЫ – иммундук комплексти пайда кылуучу антигендин өзгөчө антитело менен байланышы. Бул реакция антитело жана антигендин структураларынын дал келиши менен мүнөздөлөт. Антиген менен антитело өз ара байланышканда гидрофобдук, суутектик, электрстатикалык, Ван-дер-Вальс байланышы пайда болот. Түрлөрү агглютинация, преципитация (тунма пайда болуу), токсиндерди зыянсыздандыруу, цитолиз реакциясы ж. б. Ал - гумордук иммунитеттин негизи. Токсиндерди нейтралдоо, ооруга чалдыктырган микроорганизмдерди, организмдин өзгөргөн клеткаларын жок кылуу бул реакция менен башталат. Ошондой эле иммундук комплекстин пайда болушу – анафилаксия, аутоиммундук оорулар ж. б-лардын патогендик механизми.