АНТИВИРУС ПРОГРАММАСЫ
АНТИВИРУС ПРОГРАММАСЫ (Antivirus) – компьютерде вирустарды табуу жана тазалоо үчүн иштелип чыккан атайын программа. Компьютердик вирус программасы өзүн башка программаларга көчүрүп, компьютердик системаларга таратат. Вирустардьн көпчүлүгү файлдарга кирсе программага зыян келтирет.