АНТЕРИДИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:23, 19 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТЕРИДИЙ (гр. antheros – гүлдөгөн) – споралуу өсүмдүктөрдүн (балырлар, мамык чөптөр) ж-а кээ бир козу карындардын (аскомицеттер, хитридиомицеттер) аталык жыныс органы. Антеридийде сперматогендик клеткадан кыймылдуу (кызыл балырларда кыймылсыз) аталык гамета - сперматазоиддер пайда болот. Татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдө сүйрү же тоголок денече түрүндө болуп, капталы бир же бир нече катмар стерилдүү клеткалардан турат. Аскомицеттерде антеридийде айрым гаметаларга бөлүнгөн, анын ичиндеги суюктук энелик клетканы уруктандырат.