АНТЕКЛИЗА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:00, 26 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТЕКЛИЗА (анти... жана гр. klisis – ийүү) платформадагы жер кыртышын түзүүчү катмарлардын кеңири аянтта узак убакыт бою жогору көтөрүлүүсүнөн пайда болгон капталдары бир аз эңкейиш тарткан тектоникалык структура. Анын пайда болушу бир нече геологиялык мезгилге чейин созулат. Көтөрүңкү жериндеги чөкмө тоо тек катмарларынын калыңдыгы жукарып, платформанын фундаменти жер бетине жакын жатат. Мис., Орус платформасындагы Волга – Урал, Воронеж, Белорус антеклизалары ж. б.