АНТАРКТИКА АЛКАГЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:57, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНТАРКТИКА АЛКАГЫ – Жер шарынын эң түштүгүндөгү географиялык аймак. Антарктиданы жана аны курчаган океан сууларын, аралдарды ээлейт. Алкактын чеги адатта эң жылуу айдын (январь же февраль) 5°С изотермасы аркылуу жүргүзүлөт. Антарктика алкагы ызгаардуу суук климаты, эң төмөнкү радиациялык балансы (жай айларынын орточо температурасы нөлдөн төмөн болот), уюл түндөрүнүн узактыгы, антарктидада аба массаларынын үстөмдүк кылышы менен өзгөчөлөнөт. Биологиялык жана геохимиялык процесстер өтө жай жүрөт. Мында Жер шарындагы бардык мөңгүлөрдүн 85,3% топтолгон. Муздан бошогон ачык жерлеринде гана суйдаң өскөн мамык чөп (мох), эңилчектер учурайт.