АННАМ ТООЛОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:55, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АННАМ ТООЛОРУ, Ч ы о н г ш о н – Вьетнам менен Лаостогу тайпак тоо. Индикытай жарым аралынын чыгыш бөлүгүнөн орун алган. Узундугу 1300 м, туурасы 300 км. Бийиктиги 3280 мге чейин. Аннам тоолорунун түндүк бөлүгү акиташ, кумдук, түштүгү базальт тоо тектеринен түзүлгөн. Тоонун деңиз тарабы жылга-жыбыттуу, ички бөлүгү жапыз дөңсөөлүү. Меконг, Сонгба, Лагна өңдүү ири дарыялар агып чыгат. Too арасындагы түздүктөрдө саванна, капталдарында тропик токойлору (пальма, бамбук, родедендрон), бийик тоолордо жазы жалбырактуу токойлор (эмен, каштан, кызыл карагай) өсөт.