АНКИЛОСТОМИДОЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:01, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНКИЛОСТОМИДОЗ – кишинин ичегисиндеги мите – анкилостидалар пайда кылуучу оору. Оорулуу адамдын заңы менен чыккан мите курттун жумурткалары жерде личинкага айланат. Ал личинкалар менен булганган жашылча, мөмө - жемиштер ж. б. тамак-аш менен соо кишинин ичегисине келет. Ал жерде личинкалар 8-10 жумада чоң куртка айланып, ичегинин былжыр челин жаралап, кан соруп азыктанат. Оорулуу канын жоготуп, алсырап, башы ооруп, карыны менен боорунун тушу ооруп, зарна болуп, кусат. Дарылоо ооруканада жүргүзүлөт. Аны алдын алууда мите жуккан кишини эртерээк таап дарылоо, булганган жерлерди зыянсыздандыруу, тамак-ашты таза сактоо, өздүк гигиена эрежелерин бузбоо зор мааниге ээ.