АНКЕР БЕКИТКИЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:47, 7 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНКЕР БЕКИТКИЧ, штангалык – кен казууда тоотек массивине бекитилген темир, темир-бетон, айрым учурда жыгач өзөкчө. Анкер бекиткичинин негизги элементи – узундугу 0,7-3 м келген металл анкер (штанга). Ал бургуланган шпурга киргизилип, шынаа, кергич бөрк жана гайка менен бекитилет. Кен казууда темир-бетон анкери колдонулганда шпурга болот зым арматурасы орнотулуп, ага кум-цемент аралашмасы толтурулуп жасалат. Анкер бекиткичтин жардамы менен тоотектердин бошураак катмары бир кыйла чың катмарга ныкталып жабыштырылганда, ал урабай бекем болуп калат.