АНКАРА САЛГЫЛАШЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:54, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНКАРА САЛГЫЛАШЫ – (1402) – эмир Тимур менен түрк султаны Баязит I нин аскерлеринин ортосундагы Анкаранын алдындагы согушу. Салгылаштын жүрүшүндө Тимурдун аскерлери Анкараны курчоого алган жана Баязит туткунга түшкөн. Жардамга келген түрк аскерлеринин сан жагынан аз болгондугуна байланыштуу, алардын чабуулунун мизи кайтарылган. Баязиттин жеңилип калуусунун негизги себептеринин бири – анатолиялык бейлердин Тимурга өтүп кетүүсү болгон. Натыйжада Европадагы күчтүү мамлекеттерден болгон түрк мамлекети убактылуу алсырап, өлкөдө Баязиттин уулдарынын ортосунда бийлик үчүн ич ара күрөштөр, элдик көтөрүлүштөр күч алган.