АНКАРА САЛГЫЛАШЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:45, 7 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНКАРА САЛГЫЛАШЫ – (1402) – эмир Тимур менен түрк султаны Баязит Iнин аскерлеринин ортосундагы Анкаранын алдындагы согушу. Салгылаштын жүрүшүндө Тимурдун аскерлери Анкараны курчоого алган жана Баязит туткунга түшкөн. Жардамга келген түрк аскерлеринин сан жагынан аз болгондугуна байланыштуу, алардын чабуулунун мизи кайтарылган. Баязиттин жеңилип калуусунун негизги себептеринин бири – анатолиялык бейлердин Тимурга өтүп кетүүсү болгон. Натыйжада Европадагы күчтүү мамлекеттерден болгон түрк мамлекети убактылуу алсырап, өлкөдө Баязиттин уулдарынын ортосунда бийлик үчүн ич ара күрөштөр, элдик көтөрүлүштөр күч алган.