АНИМАЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:45, 22 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНИМАЦИЯ (Animation) – графиктик сүрөттөлүштөрдү кыймылдатуу, жылдыруу. Ал негизги графиктик сүрөттөлүштүн жөнөкөй кыймылынан майда-чүйдөсүнө чейинки комплекстүү кыймылынын татаал процесстерин түзүүгө жөндөмдүү. «Шрек», «Подводная братва» кинолору ж. б. тартылган мультфильмдер, жүгүртмө саптагы (бегающая) жарнамалар анимациянын эң жакшы мисалдары боло алат. Мультимедиа колдонмолорунда анимация текст м-н графикке караганда маалыматты ачыгыраак көрсөтөт. Жаңылыктардагы же спорттогу эсеп тексттери да кыймылдатылып көрсөтүлөт ж-а ал тармак оюндарынын (сетевой оюндар) көбүндө колдонулат.