АНИЗОТРОПИЯ ТОО ТЕКТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:00, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (4)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНИЗОТРОПИЯ ТОО ТЕКТЕРИ– касиеттери (деформациялык, электрдик, жылуулук, магниттик, оптикалык ж. б.) түрдүү багыттар б-ча бирдей эмес тоо тектер. Минералдардын жана тоо тектин анизотропиялуулугу тоо тектердин микрокатмарланууга, бүртүкчөлөрдүн жана кристаллдардын иреттүүлүгүнө жана микрожаракалуулугуна байланыштуу. Тоо тек массивдеринин аназотропиясы ири структуралык элементтердин иреттүү жатышы менен аныкталат; тоо-кен иштерине киришүүдө, бузуу ыкмаларын тандоодо деформациялык А-нын мааниси зор; ал кысууда жана чоюууга бышыктык чегине же деформация модулуна карата аныкталат. Мис., көмүрдүн деформациялык модулу 1,22, кумдуктуку 1,28, алевролиттики 1,61.