АНЖЫР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:10, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНЖЫР (Ficus carica) – өсүмдүктөрдүн тыттар тукумунун фикус уруусундагы субтропиктик мөмө дарагы. Бийиктиги 12-15 м. Сөңгөгүнүн диаметри. 0,2 – 0,5 м. Тамыры жоон, бутактап өсөт. Күбүлмө жалбырагы жазы, 7 тилкелүү. Майда гүлдөрү алмурут сымал, топ гүлү с и к о н и я г а чогулган. Ири мөмөсү көп уруктуу, тоголок же алмурутка окшош, таттуу, жумшак, салмагы 32-77 г. Курамында

Файл:АНЖЫР 93.png

кант, пектин заттар, А, С, B1 В2 витаминдери, каротин, кальций, темир, фосфор бар. Мөмөсү жумшак болгондуктан, көпкө сакталбайт. Жаңы кезинде, кургатылып желет, кыям, компот даярдалат. Анжыр – эки үлүштүү өсүмдүк, 2-3 жылдыгынан баштап мөмө байлап, 50-80 жылга чейин мол түшүм берет. Жер Ортолук деңиз жээктеринде, Кичи Азия, Иран жана Индияда жапайы түрү өсөт. Кавказда, Орто Азияда, Крымда жапайы жана эгилме түрү бар. Кыргызстандын Ош облусунда өстүрүлөт. Кызыл китепке катталган.