АНЖИЯН КӨТӨРҮЛҮШҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:49, 13 Март (Жалган куран) 2026 карата Турганбаев Элебай (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНЖИЯН КӨТӨРҮЛҮШҮ (1898) – Орус падышачылыгынын Орто Азиядагы колониалдык саясатына каршы багытталган элдик кыймылдардын бири. Көтөрүлүштүн чыгышына 1886-жылы «Түркстан аймагын башкаруу тууралуу» жобонун кабыл алынышы негизги себептердин бири болгон (кара: Россия империясы, Кыргызстандын Россияга каратылышы). Анын негизинде падышалык бийлик жергиликтүү калкка таандык жерлердин көбүн тартып алып, Россиядан көчүрүлүп келгендер үчүн атайын жер фондун түзгөн. Салыктардын саны, көлөмү жылдан жылга өсүп, жогорулай берген. Мисалы, 1867-жылы Падыша өкмөтү киргизген түтүн башынан алынган салыгы 2 сом (рубль) 75 тыйын (бир койдун баасы) болсо, 1882-жылы 4 сом, 1890-жылдары 5 сом 25 тыйынга жогорулаган. Өнөр-жай, айыл-чарбасына орус капиталы тартылып, үстөмдүк кылуучу абалга жеткен. Түркстан жалпысынан агрардык өлкө болгондуктан, жергиликтүү калктын көйгөйлүү маселеси жерге байланышып, социалдык теңсиздик жана колониалык эзилүүгө туш болуунун негизги себептерин жана андан кутулуунун жөнөкөй жолдорун караштыра башташкан. Көпчүлүк эл булардын баарына каршылык көрсөтө баштайт. Элдин нааразылыгын кээ бир белгилүү феодалдар, мусулман дин башчылары диний максатта пайдаланып («казат»), Анжиян, Ош, Маргалаң, Наманган шаарында көтөрүлүш чыгаруу менен Кокон хандыгын кайра калыбына келтирүүнү көздөшкөн. Кыймылдын демилгечилери негизинен Көгарт өрөөнүндөгү Чыйбыл болуш баштаган кыргыздар болгон. Алар 1895-жылы алгачкы жыйын уюштуруп, көтөрүлүшкө жетекчилик кылууну Фергана өрөөнүнө кеңири таанымал, 1887-жылы Мекеге барып ажы болуп келген кырк беш жаштагы Мухаммед-Али Халиф Мухаммед-Сабыр Суфиев – Мадали («Ийикчи») эшенге сунуш кылышат. Мадали эшен бир нече жолу өткөрүлгөн жыйындан кийин (1897) макулдугун берет да, көтөрүлүшкө даярдыктар башталган. 1898-жылы 17-май күнү кечинде Миң-Дөбөгө (Араван району менен Өзбекстандын чегиндеги кыштак) кыргыз, өзбек жана кыпчактардан 2000 чамалуу адам чогулуп, алар Мадали жана дөөлөс уруусунан чыккан молдо кыргыз Зиябидин Максымдын жетекчилиги менен 2 ротадан турган Анжиян гарнизонуна кол салат. Падыша аскерлери бир аз гана жоготууга учурап (22 киши өлүп, 24 киши жарадар болгон), көтөрүлүш ырайымсыздык менен басылган. Айрым маалыматтар боюнча Зиябидин Максым Анжиянга кол салуу учурунда каза болгон. Ал эми Мадали эшен 19-майда колго түшкөн. Көтөрүлүшчүлөрдөн 417 киши (соттолгондордун ичинде: кыргыздардан – 257, өзбектерден – 112, түрктөрдөн – 20, уйгурлардан – 17, кыпчактардан – 3, тажиктерден – 5, каракалпактан – 1) соттолуп, Сибирге айдалган. Мадали баш болгон 22 киши дарга асылган. Оморбек датка, Чыйбыл болушка алгач өлүм жазасы өкүм кылынып, кийин бул жаза сүргүнгө айдоо менен алмаштырылган. Миң-Дөбө болуштугуна караштуу Кашкар, Кутчу кыштагынын калкы башка жактарга айдалып жиберилген. Көтөрүлүштүн борбору болгон Миң-Дөбө кыштагы, ошондой эле Тажик, Дөң-Кыштак айылдары жер менен жексен кылынып, ал жерге орус дыйкандары көчүрүлүп келип, отурукташтырылып, Мархамат аттуу орус кыштагы пайда болгон. Мадали дарга асылгандан кийин да көтөрүлүш токтолбостон, Фергана өрөөнүнө жайылган. Көтөрүлүшкө Ош, Анжиян, Маргалаң, Наманган уезддеринин калкы жигердүү катышкан. Суусамыр болуштугундагы Кетмен-Төбө өрөөнүндө да Анжиян көтөрүлүшүнө кошулууну көздөшүп, эл чогула баштаган. Алардын башында Шадыбек Шергазы уулу турган. Буларга каршы жөнөтүлгөн жүздөн ашуун куралдуу аскерлерден турган кошуун Шадыбек баштаган 50дөн ашуун адамды туткундап, Наманганга айдап келишкен. Шадыбек Шергазы уулу өмүр бою сүргүнгө айдалган. Булардан тышкары 54 адам жети жылга айдалган. Алардын ичинде душмандарынын жалаасы менен кармалган Токтогул Сатылганов да болгон. Анжиян көтөрүлүшүнүн ырайымсыз басылышы Кыргызстандын түштүгүндө жана Орто Азиядагы улуттук-боштондук күрөшүнүн күчөшүнө түрткү берген.

Ад.: Сальков В. П. Андижанское восстание в 1898 г. (Сб. статей). Казан, 1901; Бабаджанов Б. Дукчи Ишан и Андижанское восстание 1898 года» //Подвижники Ислама: культ святых и суфизм в Средней Азии и на Кавказе. Под ред.: С.Н. Абашина и В.Н. Бобровникова. М., 2003; Манакиб-и Дукчи Ишан: Аноним жития Дукчи Ишана – предводителя Андижанского восстания 1898 года /Предисл., перев. и коммент. Б. М. Бабаджанова. А., 2004.

Т. Кененсариев.