АНДРОПОВ Юрий Владимирович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:34, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНДРОПОВ Юрий Владимирович [02 (15). 06.1914, Ставрополь крайы, Нагут станицасы – 09. 02. 1984, Москва] – советтик мамлекеттик жана саясий ишмер; КПСС БКнын генералдык секретары (1982–1984), СССР Жогорку Советинин президиумунун председатели (1983-жылдан). Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974). 1940-1944-жылдары Карелия ЛКЖС БКнын биринчи секретары, 1947-жылы Карелия КП БКнын 2-секретары, 1951–1952-жылдары КПСС БКнын борбордук аппаратында эмгектенген.

Файл:АНДРОПОВ 89.png

1953–1957-жылдары СССРдин Венгриядагы элчиси, 1957–62-жылдары КПСС БКнын бөлүм башчысы, 1962–1967-жылдары КПСС БКнын секретары. 1967–1982-жылдары СССР Мамлекеттик Коопсуздук комитетинин төрагасы, армиянын генералы (1976). 1973-жылдан КПСС БКнын Саясий бюросунун мүчөсү. Административдик ыкмалардын жардамы менен өлкөдөгү саясий-экономикалык кризисти, коррупцияны токтотууга аракеттенген. 4 Ленин, Кызыл Туу, 3 Эмгек Кызыл Туу ордендери менен сыйланган.