АНДАЛУСИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНДАЛУСИЯ – Испаниянын түштүгүндөгү тарыхый облус. Жер Ортолук деңиз менен Атлантика океанынын жээгинде. Аянты 87,3 миң км².

Калкы 8,4 млн (2017). Андалусиянын аймагында Альмерия, Гранада, Кадис, Кордова, Малага, Севилья, Уэльва, Хаэн провинциялары жайгашкан. Башкы шаары – Севилья.