АНДАЛУЗИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:18, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНДАЛУЗИТ (Испаниядагы Андалузия провинциясынын атынан) – минерал, силикаттар классына кирет. Химиялык формуласы Al2Si205. Ромб сингониясында кристаллданат. Катуулугу Моос шкаласы боюнча 6,5–7,5, тыгыздыгы 3130–3160 кг/м³. Салыштырма салмагы 3,16–3,21. Өңү боз, кызгылт боз, кызгылтым, кээде түссүз. Айнек сымал жалтырак, отко чыдамдуу. Андалузит метаморфизмделген сланецтер менен гнейстерде жолугат. Отко чыдамдуу керамикалык жука буюмдарды жасоодо пайдаланылат. Андан жогорку сапаттагы алюминий металлын да алууга болот.