АНДАБЕКОВ Эрназар

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:16, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНДАБЕКОВ Эрназар (1905, Жалал-Абад облусу, Аксы району, Кырк-Кечүү айылы – 1957, ошол эле

Файл:АНДАБЕКОВ 82.png

жерде) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Колхозду уюштурууга активдүү катышкан. 1937-жылдан Жаңы-Жол районундагы «Партизан» колхозунда жылкычы болуп иштеген. Колхоздун жылкы чарбасын өнүктүрүүдө жана анын кунардуулугун жогорулатууда зор ийгиликтерге жетишип, 1946-жылы 50 тубар бээден 50 кулун, 1947-жылы 56 тубар бээден 56 кулун алып, чыгашасыз асыраган. Ленин ордени менен сыйланган.