АНГОРА ЭЧКИСИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:51, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНГОРА ЭЧКИСИ – жүн (тыбыт) багытындагы эчки породасы. Түркиянын Ангора (аты ушундан) провинциясында илгертен асыралган.

Файл:АНГОРА ЭЧКИСИ 80.png

19-кылымда АКШ, Африка, Австралияга алып келинген. Текесинин салмагы 50-55 кг, эчкиси 32-36 кг. Бир эчкиден жылына 90-100 кг сүт саалат. Ангора эчкисинин жүнү ак, жылтылдак, бир кылка, ичкелиги 44-46-сапатта. Жүнүнүн узундугу 25 см. Ангора эчкисинин жүнүнөн сапаттуу кездеме (драп), тукаба, килем, түрдүү трикотаж, терисинен мех жасалат. Ангора эчкиси кылчык жүндүү эчкини аргындаштырууда пайдаланылат. Ангора эчкиси жана аргындары Орто Азияда, Түндүк Кавказда, Казакстанда багылат. Кыргызстанда жергиликтүү эчки менен аргындаштырылган.