АНГОБ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 18 Июль (Теке) 2025 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНГОБ (французча engobe) – карапа буюмдарынын сыртын жылмалоо жана ага кандайдыр бир түс берүү үчүн (бышырганга чейин) жалатылган ак же түстүү чопо катмары. Көп учурда ак түстөгү ангоб пайдаланылат. Анын негизги максаты – материалдын структурасын же түсүн жашыруу жана буюмдун бетине жаткырылган глазурдун боёгун ачык көрсөтүү. Ангоб айрыкча түстүү буюмдарды кооздоп жазууда боёочу материалдардын ордуна колдонулат, к. Сграффито.