АНГОБ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:55, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (2)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНГОБ (фр. engobe) – карапа буюмдарынын сыртын жылмалоо жана ага кандайдыр бир түс берүү үчүн (бышырганга чейин) жалатылган ак же түстүү чопо катмары. Көп учурда ак түстөгү ангоб пайдаланылат. Анын негизги максаты – материалдын структурасын же түсүн жашыруу жана буюмдун бетине жаткырылган глазурдун боёгун ачык көрсөтүү. Ангоб айрыкча түстүү буюмдарды кооздоп жазууда боёочу материалдардын ордуна колдонулат, к. Сграффито.