АНГЛИЯ-АФГАН СОГУШТАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:14, 2 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АНГЛИЯ-АФГАН СОГУШТАРЫ – Улуу Британиянын Афганистанга каршы жүргүзгөн согуштары. Б и р и н ч и А н г л и я-А ф г а н согуштары (1838–1842) англичандардын Афганистандагы Россиянын таасиринин жогорулашынан чочулоосунан улам келип чыккан. Улуу Британиянын Индияда жайгашкан аскерлери 1839-жылы Кандагар, Газни, Кабул шаарларын ээлешип, эмир Дост Мухаммеддин ордуна англичандарды колдогон шах Шужу-аль Мулькту коюшат. Согуш жалпы элдик боштондук күрөшкө айланып, англичандардын жеңилүүсү менен аяктаган. 1842-жылдын аягында англичандар Афганистандан чыгып кетүүгө аргасыз болушат. Э к и н ч и А н г л и я-А ф г а н согушу (1878–1880) Англиянын Афганистандын тышкы саясатына көзөмөл орнотуусу жана Кабулда өз резидентин жайгаштыруусу менен жыйынтыкталган. Ү ч ү н ч ү А н г л и я-А ф г а н согушунун (1919) башталышына Афган эмири Аманулла хандын Британиялык Индияга кол салуусу шылтоо болуп, анын жыйынтыгы боюнча кол коюлган Равалпиндин келишимине ылайык, Улуу Британия Афганистандын толук көз каранды эместигин тааныган.